• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына байланышкан маселелер талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Москвада Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына байланышкан маселелер талкууланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-октябрында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу Алмаз Букалаев Россиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы Башкы башкармалыгынын Ички коопсуздук кызматынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалына байланышкан маселелерди талкуулашты.

Өз кезегинде ИКБ жетекчилиги Россия ИИМнин Москва шаарындагы Башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу жана тиешелүү чара көрүү боюнча Элчилик менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы Башкы башкармалыгынын Ички коопсуздук башкармалыгынын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий