• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каралбай калган Кычан Жакыпов атындагы сейил багында ишембилик өттү

Коом 0

Бишкек, 06.09.20. /Кабар/. Бишкектеги Абдрахманов менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан каралбай калбай Кычан Жакыпов атындагы сейил багында ишембилик өтүп, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине министрликтин, Департаменттердин, Улуттук маданий бордордун, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жана М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын кызматкерлери катышты.

"Маданият, маалымат жана туризм министрлиги шаарыбыздын тазалыгы жана анын ажайып кооздугу бизден гана көз каранды экендигин билдирип, шаар тургундарына жана меймандарына сейил бакка келип эс алуу учурунда жаратылышка аяр мамиле кылууга жана тазалыкты сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, мындай мурда Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине эскертүүнү аткарбагандыгы үчүн айып салган.

Пикир

Оставить комментарий