• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамфинкөзөмөлдө КР финансылык рыногунун калыптанышы тууралуу энциклопедиянын бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Мааракеге министрлер кабинетинин жана Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү, КР Мамфинкөзөмөлүнүн экс-жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Келген конокторго Мамфинкөзөмөлдүн энциклопедиясынын жана экс-башчылардын сүрөттөрү жайгаштырылган, жетекчилер стендинин бет ачары өткөрүлдү. Мамфинкөзөмөлүнүн энциклопедиясы Кыргызстандын тархында биринчи жолу басылып чыгарылып, өлкөбүздүн финансылык рыногунун калыптанышы тууралуу бирдиктүү маалымат жанан аны түзүү жана өнүктүрүү тарыхы камтылган.

Андан тышкары, энциклопедиянын барактарында Мамфинкөзөмөлдүн учурдагы ишмердүүлүгү жана стратегиялык пландары, атамекендик финансы рыногунун түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон экономисттердин эмгек биографиялары чагылдырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргызстандын финансылык рыногуна кошкон салымы үчүн, иште жетишкен артыкчылыктары үчүн, Мамфинкөзөмөлдүн бир катар кызматкерлери Экономика жана финансы министрлигинин, Мамлекеттик кадр кызматынын, президенке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жана Мамфинкөзөмөлдүн ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.

Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү 2003-жылдын 16-апрелинде – “Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү жөнүндө” КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген. Бул күнү финансы жана экономика кызматкерлеринин республиканын социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө экономиканын бардык тармагынын, илимий, билим берүү мекемелеринин финансы жана экономика кызматкерлеринин кошкон салымдарынын маанилүүлүгүн белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий