• 88.68
  • 95
  • 0.95

ДЧ тандоо туру: “Ак шумкарлар” Монголиянын курамасына бир голго жеңилүүдө

Спорт 0

Бишкек, 07.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголиянын командасы менен оюн өткөрүүдө.

Беттеш Япониянын Осака шаарында болууда. Биринчи таймдын жыйынтыгында монголиялык футболчулар бир гол киргизип, алдыга озуп кетти.

Эскерте кетсек, буга чейинки оюнда Кыргызстандын командасы Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.

“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 7 упайы менен үчүнчү орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий