• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы командалардын атаандаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы командалардын атаандаштарын аныктоо үчүн чүчү кулак тартуу аземи өттү. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында айтылат.

Иш-чара Швейцариянын Ньон шаарында болду. Ага ылайык, төмөнкү командалар бири-бири менен оюн өткөрөт:

“Реал” – “Челси”;
“Манчестер Сити” – “Атлетико”;
“Вильярреал” – “Бавария”;
“Бенфика” – “Ливерпуль”.

Чейрек финалдын беттештери 5-6 апрелде, ал эми жооптук беттештер 12-13 апрелде болот.

Мындан сырткары, Чемпиондор лигасынын жарым финалына өтө турган командалардын атаандаштары дагы белгилүү болду:

1. “Манчестер Сити” / “Атлетико” – “Челси” / “Реал”;
2. “Бенфика” / “Ливерпуль” – “Вильярреал” / “Бавария”.
Жарым финалдык оюндар 26-27-апрелде жана 3-4-майда өтөөрү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий