• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

UFC уюмунун башчысы Нурмагомедов – Гэтжи беттешинин проморолигин жарыялады

Спорт 0


Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. UFC уюмунун башчысы Дана Уайт өзүнүн инстаграмдагы баракчасына Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин беттешинин проморолигин жарыялады.

Видеодо эки мушкердин жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн көрүлгөн аракеттери, буга чейинки жеңилген атаандаштары берилген.

Нурмагомедов менен Гэтжинин беттеши Абу-Дабиде UFC 254 турниринин алкагында Бишкек убактысы менен 25-октябрда өтөт.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 28 беттеш өткөрүп, 28 жолу жеңишке жеткен. Ал эми Гэтжи 22 жолу атаандашын утуп, эки жолу жеңилүү ызаасын тарткан.

Пикир

Оставить комментарий