• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик мелдеште алтын утту

Спорт 0

Бишкек. 15.07.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты.

Кыргыз балбаны катары менен 4 жеңишке жетип, алтын үчүн кармашта болгариялык спортчу Биляна Дудова менен кез келип, жеңишти 2:1 эсебинде илип кетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан “Polyak Imre & Varga Janos Memorial” эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда.

Пикир

Оставить комментарий