• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасынын орун басарын кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө расмий сапар менен келген Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти кабыл алды.

Өнөктөштүктүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу стратегиялык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Чонг У Тэктин Кыргызстанга болгон сапары эки өлкө ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын тарыхындагы маанилүү окуя болуп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет, деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров кыргыз-корей кызматташтыгынын жогорку динамикасын, өлкөлөр ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле парламенттер аралык алакалардын өнүгүп келе жатканын канааттануу менен белгиледи.

"Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары эсептейт. Кыргыз тарап эки өлкөнүн саясий диалогун мындан ары да улантууга жана кеңейтүүгө чоң маани берет. Бул контекстте мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн позитивдүү мүнөзүн аныктоочу жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр олуттуу мааниге ээ", - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы 2019-жылы Кореянын Премьер-министри, 2021-жылы Улуттук Ассамблеянын спикеринин Кыргызстанга болгон сапарлары Кыргыз-Түштүк Корея кызматташтыгынын тарыхындагы маанилүү окуялар болгондугун айтып өттү.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлду Кыргызстанга расмий сапар менен ага ыңгайлуу маалда келип кетүүгө чакырды.

Президент эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн колдо бар чоң дарамет жана мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи. Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого биринчи кезекте көңүл бурулууда.

“Биз “Өнүгүү үчүн расмий жардам” программасынын алкагында Кыргызстанды артыкчылык өлкөлөрдүн тизмесине киргизгендиги үчүн да ыраазычылык билдиребиз. Корея Өкмөтүнүн Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) аркылуу көрсөтүп жаткан жардамын өзгөчө белгилеп кетким келет”, - деди Мамлекет башчысы.

Ал ушул жылдын 14-июлунда «Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананы функционалдык жакшыртуу» долбоору боюнча Макулдашууга кол коюлгандыгын канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандарына виза берүү жаатындагы маселелерге басым жасап, виза берүүнүн жеңилдетилген тартибин карап чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк өз кезегинде Президент Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Чонг У Тэк эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелер жаңы деңгээлге чыгып, андан ары өнүгүү үчүн кошумча өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын активдүү өнүгүүсүн баса белгилеп, Чонг У Тэк медицина, туризм, санариптештирүү (IT-технологиялар), маданий-гуманитардык байланыштар жаатындагы эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттер маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Кыргызстан жарандарына виза берүү маселеси боюнча Чонг У Тэк кыргыз тараптын айтылган сунуштары өлкө жетекчилигинин кароосуна жеткириле турганын белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экендиктерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий