• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Көк бөрү оюнунан кийин күйөрмандар орундуктарды тазалап кетишти

Спорт 0


Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы көк бөрү мелдешинен кийин күйөрмандар "Аккула" ат майданын тазалап, башка күйөрмандарды да тазалыкты сактоого чакырган.

"Ынтымак" жана "Бакубат Талас" командаларынын күйөрмандарынын Инстаграмдагы тайпасында оюндан кийин күйөрмандар эл отурган жерлерди тазалап жаткан видеосу жарыяланган.

Анда Исхак Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот!" деген сөзүн келтирип, ар ким өзүнөн башташы керектиги айтылган.

"Биз өзүбүз отурган ат майданды сыйлап, тазалыкты кармашыбыз керек. Бул ишти Талас облусунун Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү жана күйөрмандар клубунун мүчөлөрү жасады", - деп жазылган.

Пикир

Оставить комментарий