• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Атада дайынсыз жоголгон Урмат Калдаев изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1973-жылы туулган Калдаев Урмат Болотбековичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2019-жылдын 20-майында Кызыл-Арык айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 180-182 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска кара, кой көз.

Кийимдери: үстүндө ачык көк түстөгү футболка, сары-боз түстөгү спорттук шым, күрөң түстөгү жайкы бут кийим.

Өзгөчө белгилери: сол бетинде калы бар.

“Урмат Калдаевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Ысык райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 61 69 07, 0703 17 17 70708 10 81 10 (издөө тобу)” , - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий