• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сарпашев кызматтан кеткендигин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан кетти. Мындай буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Бул чечимди түшүндүрүп жатып, Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматы төрт айдан бери жетекчисиз турганын айтып, кимдир бирөө бул мекемени башкарып, жоопкерчиликти мойнуна алышы керек деди. Ошондой эле, шайлоону ачык өткөрүүгө эч ким тоскоол болбошу керек деген жүйөө менен ал кызмат ордун бошотуп берүү боюнча арыз жазганын кошумчалады.

“Мен “Учкун” ишканасына тиешем жок экенин далилдедим. Скрябина 45-45а жер тилкеси боюнча дагы күнөөм жок экенин далилдейм”, - деди Сарпашев.

Сарпашевдин айтымында, ушул жылдын 12-июнунда, тагыраагы үч күн мурун УКМК “Учкун” мекемеси боюнча ишти токтоткон. Буга чейин кабарлангандай, Т. Сарпашев “Учкун” басмаканасына мамлекеттик документтердин бланкын даярдоо боюнча мыйзамсыз буйрук берген деп айыпталган. “Менин Скрябина 45-45а жер тилкеси боюнча дагы күнөөм жок. Мен ушул кезге чейин мени ушундай таза эмес ишке байлап жаткандарына таң калып келем. Мен бул жерде дагы тергөө иштери менин күнөөм жок экенин аныктап, чыныгы күнөөлүүлөрдү аныктайт деген ишеничтемин”,- деди Мамкаттоонун мурдагы төрагасы.

Анын айтымында, кимдир бирөө анын жолун тосуп, таза эмес схемаларда анын атын колдонгусу келген.

Пикир

Оставить комментарий