• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жамалдинов: “Атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдобосок, экономикада кандай жылыштар болот?”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” сатында депутат Зиядин Жамалдинов атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жаатында маселе көтөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат З.Жамалдинов КР Өкмөтү кышка даярдыктардын жүрүшү боюнча маселени талкуулап, анда Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) кайра эле Казакстандан көмүр алуу жагы каралгандыгын маалымдады. Эл өкүлү өкмөт өткөн жылы Бишкек ЖЭБинде 380 миллион АКШ долларына реконструкция жүргөндүгүн, эми ЖЭБ атамекендик көмүргө да ылайыкташтырылганын, ага ылайык, көмүр менен камсыздоодо атамекендик көмүр өндүрүүчүлөргө басым жасала тургандыгын маалымдаганын белгиледи. “Атамекендик көмүр өндүрүүчүлөрдү колдобосок, бюджет кантип толтурулуп, экономикада кандай жылыштар болот?”,- дейт З.Жамалдинов.

Пикир

Оставить комментарий