• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокурор: Азиз Батукаевдин иши жандандырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Мыйзамдагы ууру деп аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иши кайра жандандырылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жамшитов бул иши боюнча тергөөчүлөр жакын арада күбөлөрдүн баарын кайра суракка чакыра турганын билдирди. Прокурор кылмыштуу мафиялык топтун мыйзамсыз иштерин иликтөө тобу түзүлбөгөнүн айтты.

Бул жоопко чейин депутат Зарылбек Рысалиев мындай суроо салган:

Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылганы боюнча козголгон кылмыш иши кайра жандандырылыптыр, мен мурда күбө катары сурак бергенмин, бирок тергөөчүлөр мени ушул кезге чейин суракка кайра чакырган жок, качан чакырасыңар?

Андан тышкары, депутат жакында эле президенттин өз оозунан «уюшкан кылмыштуу мафиялык топтун» бар экени тууралуу кеп укканын эске салды.

"Кыргызстанда «уюшкан кылмыштуу мафиялык топтун» бар экенин алгачкы жолу угуп жатабыз, чын эле ушундай топ барбы? Ошондой болсо, кылмыштуу мафиялык топтун мыйзамсыз иштерин иликтөө тобу түзүлдүбү?", – деген суроо берген.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун 2018-жылы Кыргызстанда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету угулуп жатат.

Буга чейин маалым болгондой, Нарын шаардык соту 2013-жылы 9-апрелде Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин чыгарган.

Ал Нарындан Бишкектеги "Манас" аэропортуна келин, Россиянын Грозный (Чечня) шаарына жеке учак менен учуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий