• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт. Эки эсе жогорулатуу тапшырмасы берилген — Жапаров

Жогорку Кеңеш 1

Бишкек, 13.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын, президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан мугалимдердин эмгек акысын эки эсеге жогорулатуу боюнча тапшырма коюлган.

“Ал үчүн салыкты фискалдаштыруу, аткезчиликти жоюу, көмүскө экономикадагы акчаны иреттеп алыш керек. Айлык салык көбөйгөндө гана өсөт. Алдыдагы биринчи кварталдын динамикасын карап, мүмкүнчүлүк болсо мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт”, - дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев: “2022-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз деп айта аласызбы?” деген тактоочу суроосуна Жапаров: “Көтөрөбүз” деп жооп узатты.

Пикир

  • Кундуз

    Кундуз 2 years ago

    Айлык заманга дал келген айлык которулуп берилсе жакшы болмок. Мисалы эксперттердин эсеби менен жумасына бир орто эсеп менен 5000сом сарптайт. Ошондо айына 20000мин сом сарптаса. А алган маяна болгону 12000с. Эмнеге жетет.

Оставить комментарий