• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы маршруттук каттамдардын кыймылынын өзгөрүшү тууралуу маалыматты четке какты

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы маршруттук каттамдардын кыймылынын өзгөрүшү тууралуу маалыматты четке какты.

Бүгүнкү күндө муниципалитет Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте автобустук каттамдарга сынак өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү маселесин карап жатат.

Ошол эле учурда шаардыктардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен оптималдуу маршрут тармагын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

“Маршруттук каттамдардын кыймылынын өзгөрүшү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы жарандардан жалган маалымат таратпоону жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранат.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда калаа мэриясы жол кыймылынын схемаларын деталдуу сүрөттөө менен маршруттардын кыймылын масштабдуу өзгөртүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий