• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги өлкөнүн аймагында полимердик пленканы өндүрүү, импорттоо жана иштетүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын пикиринде, бул багытта агенттикте баардык укуктук-ченемдик актылар иштелип чыккан.

Бул боюнча Айыл чарба агенттиги бир нече варианттарды сунуштоодо. Атап айтканда: Толугу менен полимердик пакеттерди өндүрүүгө, импорттоого жана иштетүүгө тыюу салуу; же кошумча салык салуу; же ага альтернатива болгон биобаштыктарды өндүрүү; же калыңдыгы 20 макрондон ашпаган (бир кабаттуу) полимердик баштыктарды өндүрүү, импорттоо жана иштетүү.

"Экологиялык жана экономикалык жактан калыңдыгы 20 макрондон жогору болгон полимердик пленкаларды колдонууга толугу менен тыюу салуу варианты тандалган. Бирок бизнес-коомчулугунун мүчөлөрү ЕАЭБдин ичинде товар эркин айлануу укугуна шилтеме жасап аталган долбоорго кол коюдан баш тартышууда. Ошол себептен Айыл чарба агенттиги азырынча бул мыйзам долбоорун алдыга жылдыра албай келет", – деп түшүндүрдү Абдыкалык Рустамов.

Маалымат жыйындын катышуучулары ЕАЭБдин алкагында ишкерлер баштыктардын калыңдыгын 20 микронго чейин төмөндөтүү боюнча вариантын кабыл алууга даяр, деп билдиришти.

Ошондой эле Рустамов ишкерлер эч кандай зыян тартпашы үчүн запаста турган товарларын толугу менен сатып түгөтүүсү үчүн убакыт берүү сунушталып жаткандыгын билдирген. Болжолдор менен ишкерлерге 1 жылга жакын убакыт берилет.

Эске салсак, полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салуу сунуштары буга чейин бир нече ирет айтылып келген.

2019-жылдын 1-мартында парламент "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору тууралуу угуу өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий