• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Коопсуз шаардын" камерасын сындырууга аракет кылган милиция кызматкери жумуштан алынды

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. "Вега" компаниясынын кызматкеринен "Коопсуз шаардын" камерасын тартып алууга аракет кылган милиция кызматкери жумуштан алынды . Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мындан дээрлик 2 ай мурун 21-февраль күнү эки белгисиз адам Беш-Күнгөй айылында иштеп жаткан "Вега" компаниясынын кызматкеринин ишине тоскоол болуп, "Коопсуз шаардын" камерасын тартып алып, сындырууга аракет кылышкан.

Бул факт боюнча сотко чейинки иш башталып, бейбаштык кылгандардын өздүгү такталган. Белгилүү болгондой, алардын бири Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Атайын мамлекеттик кароол кызматы башкы башкармалыгынын кызматкери болгон. Ал, окуя болгон учурда мас абалында болгон.

Окуядан кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык териштирүүнү баштап, анын жыйынтыгы менен ал кызматкер жумушунан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий