• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарынын айрым жерлеринде суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта саат 9.00дөн 20:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакта, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында суу өчүрүлөт.

Мэриядан белгилешкендей, суу турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде болбойт.

Суу берүү "Контррезервуар" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Мэрия калктан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий