• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Коопсуз шаардын» камералары орнотулган жерлерде кырсыктардын саны 50 пайызга азайды – президент

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү менен, видео байкоо системалары орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны дээрлик 50 пайызга азайды, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтуусуна караганда, республика боюнча дагы кошумча үч жүздөн ашык видео байкоо аппараттык комплекстери орнотулат.

««Коопсуз шаар» долбоору менен катар Бишкекте жаңы түзүлгөн милициянын Кайгуул кызматынын иши башталды. Жылдын аягына чейин Кайгуул кызматы бардык аймактар боюнча жайылтылат. Социалдык тармакта эмгектенгендерди мамлекет тарабынан колдоо иши уланат», - деп маалымдады өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий