• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу коррупциялык тобокелдерди жоюу боюнча ЖАК ишин канааттандырарлык деп тапты

Президент 0

Бишкек, 02.03.18 /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясында коррупциялык тобокелдерди жоюу боюнча такталган иш планды аткаруунун жүрүшү каралды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жумушчу тобу аталган пландын ишке ашырылышын төртүнчү жолу мониторинг жүргүзүп жана баалап жатат.

2018-жылдын 11-январында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча Пландагы 52 пункттун 30у (57%) аткарылган, 10 пункту (19,2%) жарым-жартылай аткарылган, 12 пункту (23,8%) аткарылган эмес.

ЖАК коррупцияга каршы туруу маселесине жоопкерчилик менен мамиле жасагандыгы жана илимий эмгектерди даярдоо, коргоо процессинде коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча сапаттуу иш аткаргандыгы белгиленди.

Отурумдун жүрүшүндө Жумушчу топ окумуштуулардын, илимий даражага талапкерлердин жана билим берүү уюмдарынын репутациялык жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу диссертациялык иштердин сапатын жогорулатуу зарылдыгына басым жасады. Кандидаттык жана докторлук диссертацияларды диссертациялык кеңештердин сайттарында онлайн комментарий жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга коюуну камтыган иш чараларды ишке ашыруунун зарылдыгы баса белгиленди.

Жумушчу топ ЖАКка диссертациялары четке кагылган илимий жетекчилердин “кара тизмесин” түзүүнү сунуштады.

Жумушчу топ бир бөлүгү аткарылган иш чараларды толуктап иштеп чыгууну жана аткарылбаган иш чараларды аткарууну, ошондой эле ЖАКтын эксперттери тарабынан диссертанттардан мыйзамсыз акча алгандыгы тууралуу катталган материалдарды (кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктарын) укук коргоо органдарына жөнөтүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий