• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Координациялык кеңеш өлкөнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө божомолдорунун 3 вариантынын бирин жактырды

Өкмөт 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Өлкөнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө божомолдору тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Координациялык кеңештин кезектеги жыйынны өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы тиешелүү министрликтер менен ведомстволор тарабынан 2018-2020-жылдарга кыйла мүмкүн болуучу макроэкономикалык сценарий иштелип чыкканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын эки айында экономиканын өсүү темпи 5,4 %, түзүп, «Кумтөр» ишканасынын эсебисиз- 3,6 % болгонун билдирди.

«Биз ушул тенденцияга багыт алышыбыз керек, ошондуктан Өкмөт тарабынан 2017-жылдын планы иштелип чыкты. Аталган пландын негизги багыттары болуп, түз инвестиция тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат», – деди ал.

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолдору жалпы факторлорду жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, үч вариантта иштелип чыкканын:максаттуу, мүмкүн болгон (базалык), пессимисттик болуп даярдалганынын билдирди.

Социалдык-экономикалык өнүктүрүү негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдө геоэкономикалык кырдаалдын сакталышы менен, тышкы экономикалык иштин, ошондой эле ЕАЭБ интеграциялык бирикмелердин шартында, тышкы жана ички факторлордун таасири аркылуу өткөрүлөт.

Мындан сырткары өлкөдө айыл чарба жана энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн жаратылыш-климаттык шарртар да негизги ролду ойнойт.

Жыйындын жүрүшүндө Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга социалдык-эконоимикалык жактан максаттуу сценарийин жактырды. Аталган сценарий 2017-2020-жылдарга дүйнөлүк экономикага карай өнүгүүгө жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө суроо-талапты жакшыртуу дегенди билдирет.

Премьер-министр белгилегендей, макулдашылган бир макроэкономикалык сценарий Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү программасын түзүүнүн негизи болуп эсептелет.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КР Экономика министрлигине жана тиешелүү ведомстволорго, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жактырылган сценарийдин негизинде аймактарда социалдык-экономикалык багыттар боюнча сектордук жана аймактык божомолдорду иштеп чыгууга киришүүнү тапшырды. Ошондой эле жактырылган сценарийдин негизинде Кыргызстанда социалдык-экономикалык багыттар боюнча орто мөөнөттү өнүктүрүү программасына божомолдорду көрсөтүлгөн тартипте даярдап Өкмөткөн киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий