• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кореяда «Бишкек-Сеул» түз аба каттамын ачуу жолдору талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргызстан жана Корея «Бишкек-Сеул-Бишкек» түз аба каттамын ачуу жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореялык «T’Way» авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён мырза жетектеген делегациясы менен алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Бул жолугушууда тараптар «Бишкек-Сеул-Бишкек» түз аба каттамын ачуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кыргызстан жана Түштүк Корея ортосундагы жүргүнчүлөрдүн агымынын болгон потенциялын белгилеп, элчи Бишкекти Япониянын, Вьетнамдын, Таиланддын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын башка өлкөлөрү менен байланыштыруучу аба каттамдарынын («сonnecting flights») мүмкүнчүлүгүн айткан.

«Мындай учурда бул мамлекеттерден Сеул аркылуу Манас аэропортуна учуу убактысы кыскарат деген үмүтүн билдирди. Өз кезегинде авиакомпаниянын президенти Ён Хонг Гён «T’Way» компаниясы эл аралык рейстерди 50 багытта, анын ичинде Япониянын 9 шаарына жүргүзөрүн маалымдады. Түштүк Кореянын авиакомпаниясынын жетекчиси келечекте аба каттамдарын ачуу боюнча чоң үмүт бардыгын белгилеп, ушул жылдын аягына чейин Кыргызстандын тиешелүү ведомстволору менен негизги сүйлөшүүлөрдү баштап, ал эми 2021-жылдын жазынан тартып авиакаттамдарды ачуу ниетин билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маектешүүлөр Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда түз аба каттамдарынын ачылышы туризмдин өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын кеңейишине түрткү берет деп макулдашышты.

Маалымат катары:

Ушул жылдын 27-февралында Корея Республикасынын жер, инфраструктура жана транспорт министрлиги аба кыймылын көзөмөлдөө кеңешинин отурумун өткөрдү жана 21 жаңы каттамды, анын ичинде Бишкек жана Инчхон аэропорту ортосунда түз каттамдын ачылышын карады. T'way авиакомпаниясы Инчхон-Кыргызстан каттамында (жумасына эки жолу) «traffic rights» укугуна ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий