• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашхабадда КМШнын аткаруу комитетинин жаңы төрагасы дайындалат

Саясат 0

Ашхабад, 11.10.19. /Кабар/. Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынында КМШнын аткаруу комитетинин жаңы катчысын дайындоо маселеси каралат.

Мындай сунушту кеңейтилген форматтагы жыйындын жүрүшүндө Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов айтты.

Ал эске салгандай, 2019-жылдын 31-декабрында КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедевдин мөөнөтү аяктайт. Ага байланыштуу Түркмөнстандын башчысы бул маселени бүгүн кароону сунуштады.

«Менимче, аталган маселе боюнча чечим кабыл алсак туура болот», - деди ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылы КМШга төрагалык кылуу милдети Өзбекстанга өтөт.

Пикир

Оставить комментарий