• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Руслан Казакбаев Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Кечээ, 23-мартта Исламабад шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен ИКУнун башкы катчысы Хиссейн Брахим Таханын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Р.Казакбаев Х.Таханы ИКУнун башкы катчысы кызматына киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктап, ага асыл демилгелерди ишке ашырууда жана ислам баалуулуктарын коргоодо, ошондой эле Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоодо мындан аркы ийгиликтерди каалады.

2021-жылы Кыргызстанда саясий трансформация мезгилин жыйынтыктаган маанилүү ички саясий процесстерди белгилеп, Кыргызстандын жаңы Конституциясы боюнча референдумду кабыл алууда жана президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо байкоочулар миссиясын жибергендиги үчүн кыргыз тарап ИКУга ыраазычылык билдирди.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстандын Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси Улукбек Мариповдун ИКУдагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына аккредитациядан өткөндүгү тууралуу маалымат берип, биргелешкен жемиштүү иштерге ишенимин билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИКУга кошулгандыгынын 30 жылдыгына карата ИКУнун башкы катчысы Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырылды. Министр Р.Казакбаев Кыргызстанда ИКУнун алкагында адамзаттын күн тартибинде турган темалар боюнча эл аралык форумдарды, диалогдорду жана илимий конференцияларды уюштурууну сунуштады, тактап айтканда, эл аралык жана аймактык коопсуздук, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, ИКУ аймагындагы трансчегаралык талаштарды чечүү жана башкалар.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, бири-бирин келе жаткан ыйык Рамазан айы менен куттукташты.

ИКУнун башкы катчысы Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий