• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кореянын Эксимбанкы Кыргызстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырууга даяр

Саясат 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын Эксимбанкынын вице-президенти Пак Жонг-Кю менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана транспорт инфраструктурасы тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу маселелерин талкуулашты, анын ичинде:

- айыл жерлерин суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу;

- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн жол куруу техникасы жана жабдуулары;

- Улуттук госпиталдын жаңы имаратын куруу жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.

Министр Кулубаев Эксимбанк менен кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү Корея менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда “Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын ишин жакшыртуу” долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.

Кулубаев белгилегендей, бул долбоор Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ жана иштеп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасын кеңейтүүгө, аны заманбап медициналык жабдуулар менен жабдууга, ошол эле учурда медициналык кызматкерлерди жаңы жабдууларды колдонууга үйрөтүүгө жана көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.

Тараптар бул долбоорду тез арада ишке киргизүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого макулдашты.

Пак Жонг Кю өз кезегинде корей тарап Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташуу фонду (EDCF) аркылуу долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга кызыкдар экенин айтып, долбоорлорду, анын ичинде инфекциялык оорукана долбоорун илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий