• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында көчөлөрдү жарыктандыруу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Нарын шаарында көчөлөрдү жарыктандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы жолдун жээктери жана Абдыкадыров атындагы сейил багы жарыктандырылып, электр тогун үнөмдүү керектеген түнкү чырактар орнотулду.

Белгилей кетсек, жарыктандыруу иштери жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий