• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус: Кытайда бир сутка ичинде илдеттен айыккандардын саны 22 эсеге көбөйдү

Дүйнө 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, бир сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алган 119 жаңы учур катталган, ал эми 2 миң 652 адам ооруканадан чыгарылган.

Кытайда вирустан каза болгондордун саны 2 миң 981ге жетип, 49 856 адам илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына таянып ТАСС агенттиги билдирет. Ошентип, бир сутка ичинде илдетти жуктургандарга караганда айыккандар 22 эсеге көбөйгөн.

Кытайда бир сутка ичинде коронавирустан 38 адам каза болуп, илдетти жуктуруп алган 119 жаңы учур катталган. Ал эми 2 652 киши ооруканадан чыгарылган. Ооруну жуктуруп алгандарын жалпы саны болсо 80 миң 270 адамды түзөт.

Борбордук Хубэй провинциясында илдетти жуктуруп алган 115 жаңы учур катталган, анын ичинен 114ү Ухань шаарында. Бейтаптардын жалпы саны 25 905 жетти (22 368 - Уханда).

Пикир

Оставить комментарий