• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус: Ухань шаарында 15 кыргыз жараны бар

Коом 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Кытайдын Ухань шаарында 15 кыргыз жараны бар. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Ухань шаарында 50 кыргызстандык болгон. Алардын көбү өлкөдөгү эс алууга байланыштуу мекенине кайтышкан.

"Кыргызстандын Пекиндеги элчилигинин маалыматында, Уханда 15 кыргыз жараны бар. Алардын 14ү студенттер. Алар өздөрү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп жатышат. Кыргыз жарандарынын арасында Кыргызстанга учуп келүү үчүн билет сатып алгандар бар", - дейт ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кытайдын бийлиги чет элдик жарандарды шаардан кантип чыгаруу боюнча чечим кабыл ала элек.

"Кыргызстандыктардын арасында ооруну жуктуруп алгандар жок", - деди Ниязалиев.

Ошондой эле Кытайда жүргөн мекендештердин туугандары ТИМ жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинен маалымат ала алышат. Аны үчүн Кытайга 86 13260203680, 8613581902801, Бишкекке 0551 312000 номерлерине кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий