• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 128 бейтаптын абалы оор, 21 жаран жандандыруу бөлүмүндө - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 128 бейтаптын абалы оор, 21 жаран жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 652 жаран болууда. "Бейтаптардын 128и оор, 420сы орто оор, 104ү канааттандырарлык абалда. Ал эми 21 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-июлга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны жалпы 11 миң 538ге жетти. Алардын ичинен 1875и медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 4995 (үй изоляциясынан 1426) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 149 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий