• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР элчиси Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун башкы директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-октябрында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун жаңы дайындалган башкы директору Марван Абдалла Сунян Ал Ганим менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Карагулов элчиликтин саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы ишмердүүлүгү менен тааныштырып, Эль-Кувейт менен Бишкек жана Ош шаарларынын ортосундагы ачылган түз аба каттамдары жана Кувейттен, ошондой эле Булуңдагы өлкөлөрдөн туристтердин агымынын көбөйүүсүн белгиледи. Аны менен бирге Фонд менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы көп жылдык кызматташууну канааттануу менен белгилеп, өлкө үчүн маанилүү эсептелген инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруудагы жардамы үчүн кыргыз тарабынын ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Фонддун жаңы башкы директору М. Ал-Ганим тараптардын азыркы кызматташуу деңгээлин белгилеп, шериктеш өлкөлөр менен, анын ичинде Кыргызстан менен дагы өз ара кызматташуудагы жаңы ыкмалары менен тааныштырды.Ошол эле учурда, кызматташуунун натыйжалуулугун өстүрүү максатында, кыргыз тарабындагы профилдик мекемелердин Фонд менен ыкчам кызматташуусунун зарылчылыгын белгиледи.

Мындан тышкары тараптар Бишкек шаарындагы «Улуттук оорукананын нейрохирургия бөлүмүн куруу жана жабдуу» долбоорун талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий