• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жазаларды аткаруу кызматында коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Жазаларды аткаруу кызматында коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаза-аткаруу тутумунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды консолидациялоо максатында кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу жана ведомстволук ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен ЖАКтын жетекчилиги №554 буйругун чыгарды.

"Бул документке ылайык, КР жаза-аткаруу тутумунда коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия түзүлүүдө", - деп белгилешти ЖАКтан.

Комиссияны Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков жетектеди.

Пикир

Оставить комментарий