• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент: Этникалык чөйрөнү саясий кызыкчылыкта пайдалангандыктан 2010-жылдагы окуя келип чыккан

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө.

Республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

“Өзүңүздөргө белгилүү, бүгүнкү күндө өлкөдө 80ден ашык этностун өкүлдөрү жашайт. Бул этникалык көп түрдүүлүк биздин байлыгыбыз. Биз аны сактап, ынтымакта бирдиктүү улут катары өнүгүүгө жагымдуу шарттарды түзүшүбүз абзел. Бирок этникалык чөйрөнү тар саясий кызыкчылыкта пайдаланган учурларга жол берилип, 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуяларынын болушуна алып келгендигин жакшы билебиз”, - дейт өлкө башчысы.

Жапаров азыр дагы этникалык негизде жарандарды саясатка тартууну кадимки адатка айландырган саясатчылар жок эместигине токтолду.

“Мындай жагдай этникалык чөйрөнү саясатташтырып, жиктешүүнү күчөтүп, элдин биримдигине өз кедергисин тийгизип келет. Ошондуктан Ички иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин мындай көрүнүштөрдүн алдын алып, тиешелүү ыкчам чараларды көрүүгө чакырам”, - деп маалымдады ал.

Белгилей кетсек, Республикалык кеңешменин ишине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.

Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий