• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Куралдуу күчтөрүндө запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу жыйыны аяктады

Коом 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүндө анык мөөнөтөгү кызматын өтөп жаткан жогорку билимдүү жоокерлердин запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу жыйыны аяктады. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу жыйынынын бүтүрүү иш-чарасы 2020-жылдын 12-майында КР КК Күжүрмөн даярдоо борборунда өттү.

“2019-жылдын жаз айларында чакырылган 60тан ашык анык мөөнөттөгү аскер кызматчылары күжүрмөн даярдыктын негизги предметтери боюнча окуудан өтүштү.

Окуу жыйынында жоокерлер тоо-атуу взводдунун командиринин милдеттерин интенсивдүү окушуп, алган билимдерин практикада бекемдешти. Окуу жыйынынын соңунда алар комплекстик сынактарды тапшырышты жана аларга сынактын жыйынтыгы менен запастагы лейтенант аскер наамы тапшырылды.

Алдыда алар мамлекеттик кызматтарда анын ичинен күч органдарындагы атаандаштыкта өз пайдасына колдоно алат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий