• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР профсоюздар федерациясы жетекчинин айынан банкротко учуроо алдында турат - Кеңештин мүчөсү

Коом 0


Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын профсоюздар федерациясында коррупция гүлдөп жатат. Бул тууралуу федерация кеңешинин мүчөсү Канат Осмонов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган федерациянын башкы штабында кризистик абал болуп, банкроттукка жетейин деп калды.

"Мирбек Асанакуновдун жетекчиликке келгенинен тарта мекемеде коррупция гүлдөп жатат. Ал өзүнүн текшерүүчүлөрүн жиберип өлкөдөгү санаторийлердин жетекчилерин ордунан түшүрүүгө аракеттенүүдө. Ал санаторийлердин көп жетекчилерин жумуштан алды. Бирок анын чечимдерине арыз берилип, алар кызмат ордуларына кайра келишкен. Мындан тышкары, Асанакунов көптөгөн кызматкерлерди коркутуп, репрессиялык жолдор менен ага ылайык келбеген санаторийлер менен мекемелердин ийгиликтүү жетекчилерин алууда. Ошондой эле анын жалган билдирүүсүнөн кийин милиция келип, мени жумуш ордумдан колума кишен салып алып кеткен. Бирок Ички иштер бөлүмүнөн баарын аныктагандан кийин мени койо беришкен", - дейт Осмонов.

Анын айтымында, мындай аракеттери менен Асанакунов алдыдагы Федерациянын кеңешинин кеңешмесин үзгүлтүккө учуратайын деген.

"Ошондой эле Федерациянын жетекчисин шайлоодон кийин аныкталгандай анын кесиптик бирикмелерде иштеген тажрыйбасы жок экен. Бирок ал кесиптик бирикмелерде 7 жыл иштегенин айткан. Демек ал шайлоодо калп айтып, жасалма документтерди берген. Мен бул жасалма документтер боюнча Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылгам. Бирок менин арызымды кабыл алышкан жок", - деп кошумчалады Осмонов.

Мындан тышкары ал Асанакуновдун жубайы Жогорку Кеңеште депутат экенин жана Социалдык маселелер боюнча комитетти жетектерин айтты.

"Мындан мурдараак Каржы полициясынын текшерүүсүнүн жүрүшүндө "Кыргызкурорттуризм" Башкармалыгында миллиондогон уурдоолор болгону аныкталган. Азыр иш сотто каралууда", - деди ал.

Ал билдиргендей, Мирбек Асанакунов 2015-жылы шайланган. 2020-жылы күзүндө Кеңештин съезди өтүп, Асанакуновдун отчету угулуп, жаңы шайлоолор өтөт.

Пикир

Оставить комментарий