• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысы Дубайда «Тоолордун чакырыгы: Климаттык кризистен бизди ким куткарат?» аттуу иш-чарага катышты

Саясат 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Климаттын Өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын COP28 Конференциясынын алкагында Непал тарабынан уюштурулган «Тоолордун чакырыгы: Климаттык кризистен бизди ким куткарат?» аттуу жогорку дэңгээлдеги иш-чарага катышты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Иш-чаранын төрагасы катары Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахал Прачанда сөз сүйлөдү.

Ал өз кайрылуусунда өзгөчө тоолуу өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүп, тоо мөңгүлөрүнүн интенсивдүү эришине жол бербөө керектигин баса белгиледи. Буга байланыштуу ал кыргыз тарапка жана иш-чарага катышкан башка өлкөлөргө тоолу күн тартибин илгерилетүүдөгү аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Андорранын премьер-министри Ксавьер Эспот Самора, ошондой эле климат жана экология жаатындагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде Тоолорду комплекстүү өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор (ICIMOD), Эл аралык криосфералык климаттык демилге (ICCI) ж.б. катышты.

БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриш тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө аярлуу (сезимтал) экенин белгиледи. Ал тоо мөңгүлөрүнүн эриши тездеп баратканын белгилеп, COP28 конференциясы тоо экосистемасынын көйгөйлөрүнө жооп болушу керектигин баса белгиледи.

Андорранын премьер-министри Ксавьер Эспот Самора мамлекеттер тоолуу өлкөлөрдүн климаттык жана экономикалык туруктуулукту бекемдөө керек экенин баса белгиледи. ICCI презентация жасап, криосферанын, анын ичинде мөңгүлөрдүн эришиндеги өзгөрүүлөрдүн чоңдугун көрсөттү.

Өз сөзүндө министр Кулубаев Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө аярлуу аймакта жайгашкан тоолуу өлкө болгондуктан, Непал сыяктуу эле тоолуу мамлекеттердин жалпы көйгөйлөрүн жакшы биле турганын баса белгиледи. Ал өзгөчө тоолуу шарттарда климаттын өзгөрүшү бийиктик мүнөздөмөлөргө ээ экендигин түшүнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Негизги көйгөйлөрдүн ичинен ал социалдык-экономикалык өнүгүү, энергетикалык коопсуздук жана экологиялык туруктуулук үчүн суу ресурстарынын негизги маанисин эске алуу менен, мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши жана алардын кыскарышын белгиледи.

Министр Ж. Кулубаев Кыргыз Республикасынын тоо маселелери боюнча демилгелери жана ага мамилеси тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча эл аралык форумдарды өткөрүү, БУУда Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун бейформал тобун түзүү, БУУнун Башкы Ассамблеясынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча ондогон резолюцияларын кабыл алуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мөңгүлөрдүн мониторинги, Кыргыз Республикасынын Криосферанын досторунун тобуна кириши, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын «Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерин» жарыялоо жөнүндө резолюциясы, анын алкагында Глобалдык аракеттер планы жана аны ишке ашыруу боюнча улуттук «Жол картасы» иштелип чыккан.

Ж.Кулубаев мөңгүлөрдү сактоо жолдорун издөө жана суу ресурстарынын калыптануу зонасын коргоодо кызматташууну, тоолу райондордунреалдуу муктаждыктарын канааттандыргын көлөмдө климаттын өзгөрүшүнө өтө аярлуу тоолу өлкөлөрдү каржылоонун деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен көч-аракеттерди жумшап, аны алдыга жылдырууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий