• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев Түркия президентинин администрациясынын бөлүм башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 29.12.22./Кабар/. Күн мурун, 28-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын президентинин администрациясынын коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор, доктор Фахреттин Алтун менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде, министр Ж.Кулубаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир тууган элдердин жалпы тарыхына, маданиятына жана тилине негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн оң нугунда өнүгүп жатканын белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргыз-Түрк "Манас" университети кыргыз-түрк достугун чыңдоо механизми катары кызмат кылган жана Кыргызстандын, Түркиянын жана башка чет мамлекеттердин студенттерине сапаттуу жогорку билим берген мыкты окуу жайлардын бири экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий