• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысы менен АКШнын мамкатчысынын жардамчысы кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 20.09.23./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Нью-Йоркто өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин жана келечегин, эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча, ошондой эле «Борбор Азия+АКШ» аймактык платформасынын алкагында Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү талкуулашты.

Буга байланыштуу тараптар С5+1 саммитинин жыйынтыгын талкуулап, мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министр Жээнбек Кулубаев кыргыз тараптын жашыл экономика, энергетика, транспорттук инфраструктура жана санариптештирүү чөйрөлөрүндө жаңы технологиялары бар америкалык компанияларды тартууга, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий