• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев: Мамлекет ачык-айкын иш алып барган бизнести колдоого ар дайым даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.23./Кабар/. Өлкөнүн Ишкерлер күнүн майрамдоого арналган майрамдык иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Өз сөзүндө Төрөбаев Кыргыз Республикасынын ишкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

“Өткөн пандемия жана каатчылык мезгилдерге карабастан, ишкерлер өздөрүнүн чечкиндүү чечимдеринин, ылдамдуулугунун жана эффективдүү башкаруусунун аркасында өз ишмердүүлүгүндө туруктуулукту көрсөтүштү. Албетте, экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жана өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстарына жетишүүдө ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн олуттуу салымын белгилей кетүү зарыл. Ишкердик ар кандай экономиканын кыймылдаткычы экендиги эч кимге жашыруун эмес. Сиздердин аракетиңиздер жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салыктарды төлөө аркылуу социалдык программаларды каржылоого түздөн-түз таасирин тийгизип, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга салым кошууда. Өз кезегинде Министрлер Кабинети өлкөдөгү бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана ишкердик жигердүүлүктүн мындан ары өсүшү үчүн шарттарды түзүү, инвестиция тартуу жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Мамлекет өлкө мыйзамдарынын алкагында ачык жана айкын иш алып барган бизнести колдоого ар дайым даяр”, - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле өлкөдө биринчи жолу “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери” ардактуу наамы тиешелүү мыйзам менен белгиленип, экономиканын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон ишкерлерге арналганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий