• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык жоокерлердин элесин сактоого салым кошкон. Беларустун жаранына "Достук" ордени тапшырылды

Саясат 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Бүгүн Минск шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Минск шаарынын Октябрь районундагы Педагогикалык эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы Любовь Хвойницкаяга “Достук” орденин тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орден Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Белорусту бошоткон кыргызстандык жоокерлердин элесин сактоого кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Жээнбек Кулубаев Любовь Хвойницкаяга 1944-жылы Белорусту немецтик-фашисттик баскынчылардан бошотууда «Багратион» операциясынын жүрүшүндө баатырларча курман болгон кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эрдигин түбөлүккө калтыруудагы ишмердиги үчүн мамлекет башчысынын ыраазычылыгын билдирди.

Любовь Хвойницкаянын жигердүү катышуусу менен Минск шаарынын Октябрь районунда жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын элесин эскерүү боюнча ар кандай иш-чаралар, анын ичинде Жеңиш майрамын утурлай Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигинин алдында митинг-реквием өткөрүлүп турат.

Үстүбүздөгү жылы №11 орто мектепке Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылган. 23-февралдан 3-июлга чейин Ж.Асаналиевдин эстелигинде Минск шаарынын Октябрь районунун мектеп окуучулары тарабынан ар апта сайын эскерүү сааты уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий