• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын орун басары Европа инвестициялык банкынын делегациясы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Кечээ, 24-январда Бишкекте КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Европа инвестициялык банкынын Борбор Азия мамлекеттерине насыя берүү маселелери боюнча башкы кеңешчиси Адам Брун жетектеген делегация менен жолукту.

КР ТИМден билдиришкендей, ошондой эле жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы - элчи Мэрилин Йозефсон да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа инвестициялык банкынын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан жана илгерилетилген долбоорлорго тийиштүү маселелелерди талкуулашты.

Министрдин орун басары Молдогазиев кыргыз тарап өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде банктын өкүлдөрү Кыргызстан жана Европа инвестициялык банкынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана ар кандай инвестициялык долбоорлорду, атап айтканда "жашыл экономика" энергетика жана транспорт чөйрөлөрүндө, ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бирге өнүктүрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий