• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ТИМ кыргызстандыктардын Иракта камалышын аныктоого Казакстан жана Кувейттеги элчиликтерин кошту

Коом 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КРнын Казакстан жана Кувейттеги элчиликтерин Иракта үч кыргызстандыктын айыпталышы боюнча маселени аныктоого киришүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясат ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, КР ТИМ Кыргызстандын үч жараны “Ислам мамлекети” террордук уюмуна таандыгы үчүн чындыгында өлүм жазасына тартылганын аныктоого Иракка расмий суроо жиберген.

“Учурда биз Астана жана Кувейттеги элчиликтерибизди ишке коштук. Алар кандайдыр бир маалымат алуу үчүн Ирактын бул өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен иштешүүдө. Мындан тышкары иш Кызыл крест багыты боюнча да жүрүүдө”, - деп билдиришти КР ТИМден.

Тышкы иштер министрлигинен Ирактан маалымат алуу ал жакта Кыргызстандын элчилиги жок болгондуктан кыйын болуп жатканын айтышты. Бардык иштер консулдук аркылуу жүргүзүлөт.

“Эгерде Кыргызстандын жарандарынын Иракта кармалгандыгы аныкталса, анда биз аларга консультация, юридикалык жана башка түрдөгү жардам көрсөтүшүбүз зарыл”, - деп кошумчалашты тышкы саясат ведомствосунан.

Буга чейин ЖМКлар Ирактын Кылмыш соту кыргызстандык үч жаранга ИЛИМ террордук уюмуна таандыгы үчүн өлүм жазасын өкүм кылганын маалымдашкан.

Пикир

Оставить комментарий