• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Тышкы иштер министрлиги Түркия элчиси менен болгон окуя боюнча билдирүү жасады

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган ифтардагы Түркиянын КРдагы элчиси менен болгон окуя боюнча комментарий берди.

Министрлик белгилегендей, соңку жылы эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын аркасы менен кыргыз-түрк мамилелери кыйла жанданып, жаңы деңгээлге чыккан. Кызматташуу менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн.

"8-майда Түркиянын КРдагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн бир туугандык мамилеге таасирин тийгизбейт", - деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, 8-май күнү муфтият өткөргөн ифтарда элчи Жеңгиз Камил Фырат уюштуруучулар ФЕТО өкүлдөрүн чакырганын айтып, ал жерден кетип калган.

Андан кийин бул боюнча Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Кыргызстандын Муфтияты өткөргөн ифтарга Феттулах Гүллендин ("Себат" мектептеринин негиздөөчүсү) өкүлдөрү чакырылганы туура болбогонун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий