• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР жана Азербайжандын Эсеп палаталары эки тараптуу кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 07.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын жана Азербайжандын Эсеп палаталары эки тараптуу кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту. Документке эки өлкөнүн аудит органдарынын башчылары – Улукбек Марипов жана Вугар Гюльмамедов 5-сентябрда Москва шаарында кол коюшту.

Жолугушуу учурунда Улукбек Марипов Кыргызстандын Эсеп палатасы Азербайжандын Эсеп палатасы менен эки тараптуу кызматташтыкты орнотууга жана анын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

“Биз бүгүн ведомстволорубуздун ортосундагы алгачкы эки тараптуу макулдашууга кол коёбуз. Эки ведомствонун кызматкерлеринин тажрыйба алмашуу боюнча Бишкектеги акыркы жолугушуусунан бери макулдашууну даярдоо боюнча чоң иш жасалды. Бүгүн биз бул жумуштун жыйынтыгын көрүп жатабыз. Биз кесиптик өз ара аракеттешүү, тажрыйба алмашуу жана достук үчүн жаңы көпүрө курарыбызга кубанычтабыз”, - деди ал.

КРнын Эсеп палатасынын төрагасы макулдашуудагы нормалар Эсеп палаталарынын ортосундагы эле эмес, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана тереңдетүүгө кызмат кыларына ишеним артты.

Пикир

Оставить комментарий