• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Журналисттер бирикмесинин төрагасы КР Президентинин ЖМКлардын абалы боюнча билдирүүсү тууралуу кайрылуу жасады

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. КР Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев КР Президентинин ЖМКлардын абалы боюнча билдирүүсү тууралуу кайрылуу жасады.

КР Журналисттер союзунун төрагасынын кайрылуусунда:

“Укуктук мамлекетте жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинин негизи катары сөз жана ой эркиндиги саналат. Бирок эркиндиктин баары эле чексиз боло бербейт, ал белгилүү бир жоопкерчилик менен айкалышып турушу керек. Аракеттер канчалык эркин болсо, журналистикага ошончолук коомдук жашоого таасир берүү мүмкүндүгү берилет. Бул эркиндикти колдонуу жоопкерчилиги ошончолук жогору болот. Ошондой эле, ар бир журналист кесиптик милдетин аткарууда журналистикага коюлган талаптарга өзүнүн чыгармачылыгы, эч ким төгүндөй албаган так, акыйкат маалыматтары менен жооп берүүгө милдеттүү.

Тактап айтканда, журналист жогорку юридикалык маданияттуу болуп, этика кодексин катуу сактоого тийиш.

Өлкөбүздүн жалпыга маалымдоо каражаттары журналистиканын негизги постулаттарына жана анын эл аралык стандарттарына жооп береби? Өлкөдө демократиялык баалуулуктардын өнүгүшү менен ар бир адам, журналист болбосо да, коомдук жашоо маселелери тууралуу өз пикирин эркин билдире алат. Тыюу салынган же “козгогонго болбой турган” темалар дээрлик калган жок.

Тилекке каршы, мындай эркиндик жана эркин ойлуулук акыркы кездерде аша чапкандык менен коштолууда. Бул тууралуу көкүрөгүн өйүгөн ойлору менен жалпы эл шайлаган, Конституциянын жана мамлекеттин туруктуулугунун кепилдиги болгон өлкө Президенти билдирди. Мындай мүнөздүү белгилер көз карандысыз гана эмес, башка басылмаларга да таандык болуп келүүдө. Сөз майданында айыгышкан тараптар беттешип, бири-бирин жийиркенич менен, сыйлабастан соккулап жаткан өңдүү.

Алардын маалыматтарында табалоо, адамдарды жек көрүү басымдуулук кылат. Коомчулуктун жана журналисттердин арасындагы мындай кооптуу тенденция тууралуу көптөн берип айтылып келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун акыркы съездинде кызуу талкуу жүрүп, бул ой съездде кабыл алынган өлкө журналисттеринин кесиптик этика Кодексинде өзгөчө белгиленген.

Заманбап журналистиканын мындай жагымсыз тенденциялары тууралуу өлкө Президенти сөз козгоп, катуу билдирген соң коомдо кызуу талкуу башталды. Президент өзүнө мүнөздүү ачыктыгы менен коомубуздун көкөй кести маселелери тууралуу айтты. Ал журналисттерге коом алдындагы “жасалма жаңылык, жалган жана ушак” эмес, чындык, акыйкат маалыматты жеткирүү милдеттерин эске салды.

Мындан улам, биз өлкөнүн бардык журналисттерин журналист наамын намыстуу алып жүрүүгө жана эл ишенимине сый мамиле кылууга чакырабыз. Акыйкат жана адилет сын-пикир, “жети өлчөп, бир кес” принциби атамекендик журналисттердин ишмердигинин негизи болушу керек. Жалган жана ушак, чуулгандуулукту издөө калем ээлерине эч качан аброй алып келген эмес. Биз мындай жеңил ойлуулук журналисттин гана кадыр-баркына эмес, тигил же бул басылманын жана бүтүндөй журналисттик корпустун атына көлөкө түшүрөт”, - деп айтылат.

Пикир

Оставить комментарий