• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРда өнөр жай ишканаларынын жумушчуларынын маянасы 25 миң сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 23.10.18. / Кабар/. Өнөр жай тармагында эмгектенген жумушчулардын орточо айлык акысы туруктуу өскөн. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин «Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардагы өнөр-жайы» журналында айтылат.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы маяна 17 миң 771 сом болсо, 2017-жылы 25 миң 289 сом болуп, республикалык орточо көрсөткүчтөрдү 62% га ашкан.

2017-жылы өнөр жай ишканалары 11 млрд. сомдон ашык баланстык пайда көрсө, 2016-жылы 25 млрд. сомго жакын баланстык пайда көргөн.

Өнөр жай сектору боюнча жалпы каржы жыйынтыктын түзүлүшүнө негизги металл жана даяр металл жасалгаларын чыгарган ишканалар (15550,9 млн. сом), кен байлыктарды казып алуу (2728,4 млн. сом), тамак-аш өндүрүштөрүн (суусундуктарды кошо) жана чылымдарды чыгарган ишканалар (1588,4 млн. сом), желим заттарды, металл эмес минералдык өндүрүштөрдү чыгарган ишкана (1720,7 млн. сом), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, булгаары ж.б. тери жасалга өндүрүшү (215,6 млн. сом), унаа каражаттары (199,8 млн. сом), химиялык продукциялар (174,6 млн. сом), электр шаймандары (66,8 млн. сом) жана башка өндүрүштөрдүн (191,6 млн.сом) 2017-жылы алган баланстык пайдасы тасир эткен.

Пикир

Оставить комментарий