• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда "жашыл" экономика айыл чарба тармагында баарынан активдүү өнүгүүдө – Экономика министрлиги

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кыргызстандагы “жашыл” экономика айыл чарба тармагында баарынан активдүү өнүгүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министрлигинин стратегиялык пландоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, айыл чарбасындагы “жашыл” экономиканы өнүктүрүү потенциалы болуп органикалык өндүрүштү өстүрүү эсептелет.

“Белгилүү болгондой, Кыргызстанда рынок чектелүү. Айыл чарба өндүрүшүнүн потенциалын мындан ары өстүрүп, аны экспорттоо үчүн өзүнүн тармагын табуу керек”, - деди ал.

Кадыров бүгүнкү күндө Кыргызстанда Европага экспорттолуп жаткан органикалык жактан таза кара өрүк өстүрүлүп жатканын белгиледи.

“Өрүктүн сапатынын стандарттары Европанын талаптарына дагы жооп берет. Учурда аны Германияга сатышууда. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 10 тонна экспорттолгон, 2018-жылы бул санды 100 тоннага жеткирүү пландалууда. Андан сырткары баткендин өрүгү, төө буурчак жана башка өндүрүштөр бар”, - деди Кадыров.

Пикир

Оставить комментарий