• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРде 2021-жылга чейин бардык жергиликтүү башкаруу органдарын өзүн-өзү каржылоого өткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 08.06.18./Кабар/. Кыргызстанда 453 айыл-өкмөтүнүн ичинен 78и өзүн-өзү каржылайт, ал эми калган 378и мамлекеттик дотацияда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы көйгөйү – каржынын жетишсиздиги.

“Учурда Минфин менен биргеликте 2019-жылга чейин салык кирешесинин 70 пайызы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында калуусун, ал эми 2021-жылга чейин салыктын 100% жеринде кала тургандай кылып маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Ал каражаттар мектептердин, оорукана жана жолдордун курулушуна багытталат. Бул оң өзгөрүүлөргө алып келет”,-деп билдирди Салиев.

Пикир

Оставить комментарий