• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте чет элдиктердин ортосунда массалык мушташ чыкты – видео

Коом 0


Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Социалдык тармактарда Бишкектин борборундагы массалык мушташ боюнча видео тарады.

"Кабар" агенттигине шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга Жеңиш аянтында азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдардын ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Бул факты Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Учурда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мушташка катышкандардын бардыгын аныктоо боюнча издөө иштерин жүргүзүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий