• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын мыкты чагылдырууга сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлорунун арасында Кыргызстандын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын мыкты чагылдырууга сынак жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сынак жалпыга маалымдоо каражаттарын КРнын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аспектилерин ар тараптуу чагылдырууга тартуу, журналисттердин чыгармачылык активдүүлүгүнө колдоо көрсөтүү, алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлүүдө.

Эмгектер сынак жарыяланган күндөн тартып, 2022-жылдын 30-апрелине чейин сынактын темасы боюнча жарыяланган материалдар кабыл алынат.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

- «мыкты телепрограмма/телеберүү»;

- «мыкты радиоберүү/тематикалык берүүлөрдүн сериясы»;

- «мыкты макала/басылмалардагы макалалар сериясы»;

- «мыкты макала /электрондук ЖМКдагы жарыялоолор сериясы»;

- «мыкты жарыялоо/ социалдык медиадагы жарыялоолор, роликтер сериясы. («Facebook», «Instagram», «YouTube»)

Өз номинациясында 1-орунга ээ болгон сынак катышуучусуна – диплом жана 70 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, 2-орунга –диплом жана 50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, ал эми 3-орунга диплом жана 35 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык (эки орун) каралган.

Сынакка катышуу үчүн материалдар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78; электрондук дареги: synak2022@gmail.com.

Сынактын жыйынтыгы сынак комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 20-майына чейин чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий