• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргыз пианисттери Россиядагы жаш музыканттардын конкурсунда эл аралык сынактын лауреаттары болушту

Маданият 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. П. Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин тарбиялануучулары эл аралык аренадагы жаңы жетишкендиктерге жетишти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Санкт-Петербург шаарында РФнын Маданият министрлигинин колдоосу менен «Кичинекей Моцарт» аттуу жаш музыканттардын бүткүл россиялык эл аралык кароо-сынагы өттү.

Аталган иш-чарада кичинекей кыргызстандыктар классикалык фортепиано номинациясында байгелүү орундарды ээлеп, эл аралык сынактын лауреаттары болушту.

I даражадагы диплом - Асамбаева Бермет (12 жаш), мугалими Баранникова Любовь Вячеславовна.

II даражадагы диплом - Несынов Владислав (9 жаш), мугалими Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери – Хорошева Ирина Васильевна.

II даражадагы диплом -Михайлова Агата (11 жаш), мугалими Панжинская Ольга Никифоровна.

Дипломант - Екатерина Петрова (8 жаш), мугалими Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери – Хорошева Ирина Васильевна.

Мугалимдер уюштуруу тобунун ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Москвада музыканттардын эл аралык жаңы жылдык марафону да өттү. Бул балдар үчүн көп жанрдагы сынак.

I даражадагы лауреат - Эргешбаева Аделина (11 жаш), мугалим Гусева Ирина Константиновна.

Мугалим уюштуруу тобунун ыраазычылык каты менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий